Бишкек, 30-апрель, 2025-жыл — Кыргызстандын жаштары өлкөнүн климаттык саясатын калыптандырууга жаштардын активдүү катышуусуна жана салымына багытталган масштабдуу демилге — Жаштар Климат Кербенине катышууга чакырылат.
Кербен идеяларды алмашуу, сунуштарды иштеп чыгуу жана эл аралык климаттык сүйлөшүүлөрдө сунуштала турган жаштардын билдирүүсүн жана сунуштарын даярдоо үчүн уникалдуу аянтчаны түзөт.
Негизги максат – жаштардын жана балдардын Кыргыз Республикасынын Улуттук делинген салымдарын (НДК) даярдоо жана жаңылоо процессине катышуусун камсыздоо, ошондой эле ушул жылы Бразилияда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын (COP30) Тараптарынын алдыдагы 30-конференциясына жаштардын позициясын калыптандыруу.
Демилге Глобалдык Стоктейктин жүрүшүндө аныкталган чакырыктарга жооп болуп саналат, ал глобалдык коомчулуктун учурдагы аракеттери глобалдык жылуулукту 1,5°С чегинде кармап туруу үчүн жетишсиз экенин тастыктады. Өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан да климатка туруктуу инфраструктураны өнүктүрүүдөн баштап энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңири жайылтууга чейинки аракеттерин күчөтүшү керек.
Кербен өлкөнүн бардык жети облусун: Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыйт. Консультациялардын жүрүшүндө катышуучулар климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу чаралары боюнча өз пикирлерин бөлүшө алышат жана өлкөнүн климаттык саясатынын амбициясын, инклюзивдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышат.
Катышууга Кыргызстандын 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандары чакырылат. Катышуу үчүн 2025-жылдын 3-майы, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59га чейин кайрылсаңыз болот: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSes78RDCPjO-ixkrN63toSf-rHN7_i0036BGcB1Z-lk0H1tiw/viewform
Жаштардын климаттык кербени чечим кабыл алууда жаштардын ролун жогорулатууга, климаттык адилеттүүлүк жана улуттук деңгээлдеги туруктуу өнүгүү маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатууга көмөктөшөт. Бул Париж келишиминин максаттарына жетүү жана климатка туруктуу келечекти куруу боюнча жалпы кыймылга маанилүү салым болуп саналат.
Демилге КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН), Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ), Бириккен Улуттар Уюмунун окутуу жана изилдөө институтунун (ЮНИТАР) жана ЮНИСОН тобунун колдоосу менен ишке ашырылууда.
Катышуу боюнча суроолор боюнча UNISON Groupтун PR менеджери Асел Айтбаевага +996 551 61 40 58 (WhatsApp) телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.