07:17, 23 ноябрь 2024 Иш

Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 41 күтүүсүз текшерүү жүргүздү

Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы борбор калаанын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында 41 күтүүсүз текшерүү жүргүздү — Today.kg

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 4-бөлүмүндө, эч ким кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш.

Андыктан, бул багытта жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишмедүүлүгүнүн бир багыты болгондуктан, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп келүүдө.

2024-жылдын 9 айында Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) өкүлдөрүнүн катышуусунда Бишкек ШИИББнын УКЖна күтүүсүздөн жалпысынан 41 текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, 1 кылмыш иши козголуп, 6 материал боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган.

Мисалы, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын ТКнын тергөөчүсү К.М. өзүнө пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында,  кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кылмыш иши боюнча шектүү катары Т.А. Кыргыз Республикасынын 96-бер. негизинде кармоосун жүргүзүп, андан кийин шектүүнү 48 сааттан ашык убакыт кармап, аны оор кылмышка жоопко тартуу менен ага карата башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу жөнүндө бөгөт коюу чарасын негизсиз түрдө тандаган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан 337-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Мындан сырткары, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жарандарга карата адамгерчиликсиз, катаал жана кадыр баркын басмырлаган аракеттерди жана кыйноолордун ар кандай түрлөрүн колдонууга бөгөт коюу боюнча уюштурулган тренингдерге Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын кызматкерлери катышып, кесипкөйлүүлүгүн жогорулатып келүүдө.

Бул багытта иштер улантылат.

up