Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Россиядан кармалды.
Баткен ОИИБдин басма сөз кызмататынын маалыматына караганда, зордуктоо фактысына шектүү делген Лейлек районунда туулган 25 жаштагы М.У. аттуу жигит 2017-жылдын август айынан бери эл аралык издөөдө болгон. Ал ушул жылдын июнь айында Россиядан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
«Эки мамлекеттин милиция кызматкерлеринин биргеликте иш алып баруусунун негизинде издөөдө жүргөн атуул кармалып, Баткен облусуна экстрадиция жолу менен алынып келинди. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат Баткен ОИИБдин маалыматында.