00:18, 24 ноябрь 2024 Жш

Социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

Жалал-Абад облусунун аймагында улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы убактарда Кыргызстандын аймагында facebook жана whatsapp аркылуу белгисиз атуулдар тарабынан аймактар аралык жаңжалды козутуу максатын көздөгөн аудио жазуулар таратылган. Буга байланыштуу Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы дин кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Алар Жалал-Абад облусунун шаар жана райондорундагы жума намазы окулган жана жамааты көп мечиттерде айтылуучу баян учурунда жергиликтүү тургундарга бул багыттагы маалыматтарды жеткиришип, элди аймактарга, түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, улуттар аралык мамилени чыңдап жана башка ар кандай чагымчыл күчтөргө алданбай, провокацияларга алдырбоого чакырышууда.

Ошондой эле, улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн атуулдар, ар кандай чагымчыл видеолорду таратышып, өлкө аймагында туруксуздукту көздөгөндөр КРнын Жазык кодексинин беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.

up