18:57, 21 декабрь 2024 Иш

"Вагнер" окуясы: Путин кескин кайрылуу таратты

Россия президенти Владимир Путин "Вагнер" тобуна байланыштуу кырдаал боюнча билдирүү жасады.

РИА Новости урунттуу учурларын жарыялады: 

президент россиялыктарга, аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, ошондой эле алдоо жана коркутууга туш болуп куралдуу козголоңчулардын катарына түшүп калгандарга кайрылды;

Путин Россия өзүнүн келечеги үчүн катуу күрөш жүргүзүп жатканын, Батыштын бүт аскердик, экономикалык жана маалымат машинасы Россияга каршы багытталганын белгиледи;

"Атайын операция учурунда кандай гана чыр-чатак болбосун четтетилиши керек, азыр элдин тагдыры чечилип жатат";

Россия лидери коомду бөлүп-жаруу аракетин далыга бычак деп атады;

Путин бийлик Россиядагы ажырымдын кайталанышына жол бербейт жана "биз элди коргойбуз" деп ишендирди;

"...чыккынчылыкка туш болгон, ашынган амбициялар Россияны чыккынчылыкка кептеди";

ал Россиянын жараны катары өлкөнү коргоо үчүн бардыгын жасай турганын, чечкиндүү чаралар көрүлөрүн, алар катаал болорун кошумчалады.

Чоо-жайы

РФтин Федералдык коопсуздук кызматы "Вагнер" куралдуу тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин билдирүүсүнөн кийин куралдуу козголоң фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Анын аракетине тиешелүү юридикалык баа берилери айтылды. ФСБнын коомчулук менен байланыш борбору Пригожиндин билдирүүлөрү жана аракеттери чындыгында Россияда куралдуу жаңжалды баштоого жана орусиялык аскер кызматкерлеринин "аркасынан бычак саюуга" чакырык экенин белгиледи. Ал арада Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерине сокку урулганы тууралуу маалыматты четке какты. Коргоо министрлиги орус аскерлери атайын операция жүрүп жаткан аймакта украин армиясы менен кармашуу линиясында тапшырмаларды аткарууну улантып жатканын билдирди. Көп өтпөй Москва шаары жана Москва облусунда антитеррордук операция режими жарыяланды.

Булак: Sputnik

up