06:53, 24 ноябрь 2024 Жш

Айдарова: Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Romanel CuP турнири өтөт

1-2-июль күндөрү Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча Romanel CuP эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу Назира Айдарова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Romanel CuP турнири буга чейин Ысык-Көл жергесинде өтүп келген.

"Быйыл аталган турнир борбор калаабыз Бишкек шаарында өтөт. Буга чейин чет элден келген гимнасттарга туризм жаатын да тааныштыруу максатында Ысык-Көл жергесинде өткөрүп келчүбүз. Эл аралык турнирге Россия, Казакстан, Өзбекстан, Корея, Германиядан келген өкүлдөр катышат. Мурдагы жылдарда Өзбекстандан үч команда келсе, бул жылы беш команданын келиши күтүлүүдө. Жыл санап катышуучулардын саны өсүп жатат. Ошого жараша даярдык иштери да кызуу жүрүүдө. Катышуучулардын эң кичинеси 3-4 жаштагы кыздар. Алар жакындары менен Бишкекке келет. Биринчи катышып жаткан кыздарга медалдар жана кызыктыруучу сыйлыктар берилет", — деди Айдарова.

Ал мелдештин максаты өлкөдө көркөм гимнастиканы өнүктүрүү жана жайылтуу экенин кошумчалады.

Булак: Sputnik

up