18:07, 20 апрель 2024 Иш

Өлкөдө программалоону кыргыз тилинде үйрөткөн акысыз онлайн курс ишке кирди

Өлкөдө программалоону кыргыз тилинде үйрөткөн акысыз онлайн курс ишке кирди — Today.kg

Кыргызстанда Kodjaz деп аталган кыргыз тилинде программалоо боюнча акысыз онлайн курсу иштеп баштады. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Долбоордун авторлорунун айтымында, азыр программалоону англис же орус тилдеринде үйрөткөн сабактар көп, бул өз кезегинде кыргыз тилдүү жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратат, ошондуктан долбоорду кыргыз тилинде ишке ашырууну туура көрүшкөн.

Сабактар интерактивдүү формада өтүп, жазылгандар өздөрүнө ыңгайлуу убакта курска катыша алышат. Сабактар программалоодо тажрыйбасы жокторго арналган.

Азырынча платформада Python программалоо тили боюнча курсу жеткиликтүү. Кийинчерээк программалоонун башка тилдери боюнча да курстар кошулат. Долбоордун негиздөөчүсү — Мурат Жумашев.

Долбоор АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн кичи гранттардын эсебинен ишке ашырылып жатат.

Булак: Kloop

up