11:22, 24 ноябрь 2024 Жш

Казакстанда Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы болуп жатат

Бүгүн Нур-Султан шаарында Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы болот.  

Иш-чара Эгемендүүлүк сарайында өтөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына караганда, Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын добушунун 70,96 пайызын алган.

Президент эл алдында казак тилинде ант бергенден кийин дароо мамлекет башчылык ишине киришет.

Бул салтанатка парламент депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьялары жана башка өлкөлөрдүн президенттери катышат.

Буга чейин ал Бишкектеги саммитке өз статусунда келе тургандыгын айткан.

Булак: Sputnik

up