Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы оор. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын директору Гүлмира Баитова билдирди.
Анын айтымында, клиниканын дарыгерлери Улуттук госпиталдын неврологдору менен консилиум өткөргөн.
"Рысалиев кечээ аз жерден инсульт ала жаздады. Мээдеги кан айлануу бузулган. Бул гипертониялык кризиске жана энцефалопатияга байланыштуу болду. Буга чейин эки ирет инсульт болгон. Учурда абалы оор", — деди Баитова.
Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында экинчи ирет суракка чакырылып, ИИМден чыккандан кийин ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Дарыгерлер инсульт болгонун божомолдошкону белгилүү.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2006-жылы Аламүдүн райондук соту тарабынан мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде "оор дартынан" улам мөөнөтүнөн эрте бошонуп, Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.
ИИМдин маалыматы боюнча, Батукаев ушу тапта курал-жарак сактаган деп айыпталып Чечен Республикасында абакта отурат.
Кылмышкердин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш жанданганын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарга отчет берип жатып айткан. Анын алкагында ошол кезде Батукаевге диагноз койгон дарыгерлер, ошол кезде тийиштүү ведомстволорду жетектеген экс-кызматкерлер кармалып, айрымдары камакка алынган.