12:54, 19 апрель 2024 Жм

Бекешев: Кемпир-Абадды чагылдырганы үчүн көз карандысыз басылмаларды жаптыруу аракети болууда

15-октябарда Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Кемпир-Абар суу сактагычы боюнча элдик курултайга бара жаткан журналисттер менен жарандардын унааларын Төө-Ашуудан өткөрбөгөнгө аракет кылышты. Бул тууралуу Kaktus media басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, инспекторлор Бишкектен Өзгөндү көздөй бжол алган үч кичи автобусту Сосновкадагы өткөрмө бекетинен токтотушкан. Анын бирөөсүндө журналисттер, калган экөөндө жөнөкөй жарандар болгон.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналисттердин «оозун жабууга Кемпир-Абад маселеси себеп болуп жатканын» белгиледи.

Анын айтымында, дал ушул маселени чагылдырганы үчүн «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus media басылмаларын жаптырып салуу аракети жүрүп жатат.

Бекешев жакында эле айрым белгилүү маданият, спорт ишмерлери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору аталган басылмаларды жаптыруу үчүн кол коюшканын кошумчалады.

Милициядан эмне дейт?

Жол кайгуул кызматынын басма сөз бөлүмү «Клоопко» унааларды токтотконун Бишкек — Ош жолунда толук-приводдук механизми жок кичи автобустарда жана кышкы дөңгөлөгү жок унааларда жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынганы менен түшүндүрдү. Бул талап 2022-жылдын 15-октябрынан 2023-жылдын 1-майына чейин уланары айтылды.

Инспекторлор Сосновка айылындагы өткөрмө бекетинде буга чейин эле талапка жооп бербеген унаалар менен жүргүнчү ташуу фактыларына бөгөт коюп келгенин кошумчалашты.

15-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кемпир-Абар суу сактагычынын жанында элдик курултай өтүп жатат. Ага 600гө чукул адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилиши боюнча маселени талкуулашууда.

Курултайга облус тургандарынан тышкары «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров, депутат Дастан Бекешев, генерал, «Азаттык» париясынын жетекчиси Исмаил Исаков, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышууда.

up