Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде 3-июндан бери жок болуп жаткан 17 жаштагы Айгерим аттуу кыз табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Кыз дүйшөмбү күнү саат 18:00дөр чамасында "Орто-Сай" базарынан чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес.
Учурда абалы жакшы, бул убакыт аралыгында ал дос кызынын үйүндө жүргөн.