08:29, 25 апрель 2024 Бш

Искендер Матраимов КМШ ПААнын көзөмөл комиссиясынын төрагасы болду

Искендер Матраимов КМШ ПААнын көзөмөл комиссиясынын төрагасы болду — Today.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Көзөмөл-бюджеттик комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.

Бул тууралуу 29-мартта Алматы шаарында өтүп жаткан КМШ ПААнын Кеңешинин маарекелик отурумунда айтылды.

Отурумда аталган кеңештин башкы катчысын дайындоо маселеси каралып, жетекчиликке кайрадан Дмитрий Кобицкий дайындалды.

Ал эми Көзөмөл-бюджеттик комиссиясынын төрагалыгына буга чейин сунушталган Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун талапкерлиги бекитилди.

Эскерте кетсек, КМШ ПААнын Көзөмөл-бюджеттик комиссиясынын ушул жылдын февраль айында өткөн жыйынында Искендер Матраимовду төрага кылып шайлоо чечими кабыл алынган.

up