10:21, 28 сентябрь 2022 Шр

Алмайдын бермейи бар, насыяга той өткөрбөгүлө! Садыр Жапаров дыйкандарга кайрылды

Алмайдын бермейи бар, насыяга той өткөрбөгүлө! Садыр Жапаров дыйкандарга кайрылды — Today.kg

Мамлекет дыйкандарга колдон келишинче кол кабыш кылып, арзан насыя бере баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына жазып, дыйкан-фермерлерге кайрылуу жасады.



Өлкө башчы кээ бир учурда, тилекке каршы, берилген кредиттер максаттуу ишке жумшалбай калып жатканын белгилеген."Насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын эле. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машина сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр.

Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбастан "бирди эки, экини үч кылып алганга" жетишсеңиздер жакшы болот эле. "Алмайдын бермейи бар" дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар! Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгү насыя алуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Бул акчаларга завод-фабрикаларды куралы деген сунуштар болду. Бирок ага 3-4 жыл убакыт керек болот. Ошондуктан былтыркы таза кирешени дыйкандар менен фермерлерге берели деген чечим кабыл алдык. Быйыл мол түшүм алып, тамак-аш коопсуздугуна салым кошуңуздар. Биринчи кезекте элдин курсагы тоюп, тамак-аш коопсуздугу камсыз болушу керек. Алган түшүмүңөр сатылбай калбайт. Өкмөт ар тараптуу жардам берет", — деди президент.

Жапаров завод-фабрикаларды куруу үчүн быйылкы кирешелер жумшаларын билдирген.Өлкө башчы жакындан бери дыйкандарга 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздык насыялар "Айыл банк", РСК жана "Керемет банк" аркылуу бериле баштаганын эске салган."Жалпысынан айыл чарба багытына жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун ичинде 1,5 миллиард сом үрөн сатып алууга, 1 миллиард сом ирригация тутумун жакшыртууга, калганы дыйкандар менен фермерлерге 3 жылдык мөөнөткө насыя берүү үчүн бөлүндү. Жакындан бери үрөндүн алды келе баштады. Жалпысынан 16 миң тонна жогорку сапаттагы үрөн сатып алынды", — деди ал.

Президент бул үрөндөр мурда карызы бар-жогуна карабастан дыйкандарга 4,5 пайыздык үстөгү менен 2 жылдык мөөнөткө берилип жатканын кошумчалаган. 

up