20:55, 19 апрель 2024 Жм

Курсан Асанов: Шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин

Президенттикке талапкер Курсан Асанов 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдумдун жыйынтыгы менен макул эмес экенин билдирди.

Ал шайлоодон кийин социалдык тармактардагы баракчасында түз ободо добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы тууралуу комментарий берди. Асанов добуш берүүнүн натыйжасы бурмаланган деп эсептейт.

"Санын айта албайм, бирок жок дегенде Ош шаарынан көп добуш алышыбыз керек эле. Ал жерде болгону 309 добуш дейт. Кайсы бир жеринде эки добуш дейт. Андай болбойт. Ошондой эле Чүй облусунан, Бишкек шаарынан дагы атайлап бурмалоо, кээ бир талапкерлердин атайлап деңгээлин түшүрүү. Ошондуктан, мен шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмесмин. Көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жатат. Мен мурда да айтып келгем. Азыр да чындык үчүн мыйзамдүү түрдө сөзсүз күрөшөбүз. Баары мыйзамдын негизинде болот".

БШКнын билдирүүсүндө, 10-январь, 23:00гө карата добушканалардын 98% автоматтык эсептөө үкөктөрдүн маалыматтары келип түштү. Ага ылайык, Курсан Асанов 0,5% добуш алды.

Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоодо добуштардын 79,16% Садыр Жапаров алып, алдыга чыкты. Бул сан улам жаңыланууда.

Президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов 10-январдагы жараянда добуш сатуу же сатып алуу, бурмалоо болгон жок, шайлоо таза өттү деп билдирди. 

Булак: Azattyk

up