Орусиянын Түштүк-Сахалин аймагындагы №9013 шайлоо участкасында добуш берүү аяктап, жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Аталган аймак менен Кыргызстандын ортосундагы убакытта 5 саат айырмачылык бар. Мындан улам, Түштүк-Сахалинде добуш берүү жыйынтыкталды.
Социалдык тармакта тараган сүрөттөрдөн 459 шайлоочу катышканын көрүүгө болот. Алардын 345и Садыр Жапаровко добуш беришкен. Ошондой эле, Адахан Мадумаровго -100, имамидин Ташовго-4 добуш берилген. Калганталапкерлер 2ден кем добуш алган.
Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны — 3 млн 465 миң. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участкасы уюштурулган. Анын 48и чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жайгашкан.