07:56, 24 ноябрь 2024 Жш

Ысык-Көлдө эс алуучу жайлар конокторду кабыл ала баштады

  Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлар учурдагы абалга ылайык тиешелүү талаптарды аткаруу менен эс алуучуларды кабыл ала башташты. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 26-июнда атайын түзүлгөн комиссия ири эс алуу жайларына барып, текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Бардык эс алуу жайлары санитардык-гигиеналык талаптарды аткарып, керектүү каражаттар менен камсыз болгон. Эс алуучулар аралыкты сактап, бет кап тагынып, дене табы тез-тезден текшерилип турат. Мындай даярдыктан улам комиссия эс алууга келгендердин ден соолугуна коркунуч келбей турганын белгилешти», - деди Элмира Үсөнова.

 

up