10:11, 24 ноябрь 2024 Жш

Кыргыз-өзбек чек арасынан 50 келин Өзбекстанга өткөрүлдү

 Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 50 жаран Өзбекстанга өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

50 жаран Өзбекстанга 23-май күнү өткөн. Алардын айрымдары өзбекстандык жарандарга турмушка чыккан кыргызстандык келиндер болсо, кээ бирлери Кыргызстанга келин болгон өзбекстандык аялдар.

 

up