02:27, 24 ноябрь 2024 Жш

Баткен облусунда санитардык 22 пост уюштурулду

 Баткен облусунда коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча негизги санитардык-карантиндик 4 пост жана ички санитардык 18 көзөмөл пункту түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Негизги санитардык-карантиндик посттордо ички иштер органдарынын, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын, ӨКМдин, ветеринардык лабороториянын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын дагы башка органдардын өкүлдөрү нөөмөттө турууда.

Кызыл-Кыя шаары:

Караван айылындагы унаа жолдо;

Баткен районунун Жаңы-Бак айылындагы унаа жолдо;

Баткен шаарында Төрт-Гүл суу сактагычына жакын унаа жолдо;

Лейлек районунун Кара-Суу айылындагы унаа жолдо:

Ички санитардык көзөмөл пункттары:

Кызыл-Кыя шаары:

Кара-Козу айылында;

Караван айылында;

Кадамжай району:

Үч-Коргон айылында;

Марказ айылында;

Кадамжай шаарынын Азиретали участкасында;

Айдеркендин Чечме айылында:

Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында

Лейлек району:

Мурза-Патча айылы;

Кайрагач айылы;

Интернационал айылы;

Эски-Оочу;

Дархум;

Достук айылы;

Жаштык айылы;

Ак-Кум посту;

Ленин айылы;

Сүлүктү шаары;

Кызыл-Бел участкасында;

Баткен району:

Жаңы-Бак–Мадыген жолунда;

Аталган негизги санитардык карантиндик посттордон жана ички санитардык көзөмөл пункттарында жарандардын өтүүсүнө чектөө киргизилген. Ал эми азык-түлүк ташыган унаалар дыкаат текшерилип, залалсыздандырылып өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

up