11:49, 24 ноябрь 2024 Жш

Жалал-Абадда сот курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү камакка алды

 Жалал-Абад шаарында сот «Роял Строй Курулуш компаниясы» ЖЧКсы куруп жаткан көп кабаттуу үйдү камакка алды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык соттун 2019-жылдын 3-майындагы чечими менен Жалал-Абад шаарынын прокурорунун «Роял Строй Курулуш компаниясы» ЖЧКнын жоопкери Б.Б.Т.га жана Жалал-Абад шаардык мэриянын үчүнчү жактарына, Мамэкотехинспекциясынын Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча аймактык башкармалыгына, Жарандык авиация агенттигине доону камсыз кылуу өтүнүчүн канааттандырды.

Камакка алынган мүлк Б.Осмонов көчөсү 72А (идентификациялык коду №3-10-02-0023-4611) дарегинде жайгашкан.

Сот «Роял Строй Курулуш компаниясы» ЖЧКнын жетекчиси М.З.га, жалдоочу Б.Б.Т.га иш жүргүзүүгө тыюу салды. Тактап айтканда көп кабаттуу турак үйдүн курулушу токтотулду.

Жалал-Абад шаардык сотунун мындай чечими менен макул болбогон ЖЧКнын директору Жалал-Абад облустун сотуна доо арыз менен кайрылган. Облустук соттун 8-июлдагы чечими менен шаардык соттун 2019-жылдын 3-майындагы чечими күчүндө калтырылган. «Роял Строй Курулуш компаниясы» ЖЧКнын директорунун жеке аппеляциялык арызы канааттандырылган эмес.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында 7 көп кабаттуу үй курулуп жатса, анын ичинен алтоосунун курулушу уруксат кагаздары жок эле башталып кеткендиги маалымдалган. Мындан улам Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча аймактык башкармалыгы курулуш компанияларга жазуу түрүндө эскертме берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

up