20:03, 18 мая 2024 Сб

Ошто 13 жаштагы балага чагылган тийип, каза тапты

Ошто 13 жаштагы балага чагылган тийип, каза тапты — Today.kg

Ош облусунан Ноокат районунун Бел-Өрүк айылынын 13 жашар тургуну чагылган тийип каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, окуя 15-июнь күнү саат 14:45 чамаларында болгон.

Анда Бел-Өрүк айылынын 2006-жылкы тургуну короодо жумуш жасап жаткан учурда чагылган түшүп, ооруканага жеткизилгени айтылат.

ӨКМдин маалыматы боюнча бала ооруканадан жан берген.

up