Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын кадрлар резервине кирүү үчүн улук жана кенже кызматкерлерге сынак жарыяланды.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: билими — техникалык илимдер (транспорт жана автомобиль жолдор тармагында), маалыматтык технологиялар жана журналистика жаатында жогорку билим;
Кенже топтогулардын иш тажрыйбасы талап кылынбайт. Улук топтогулар үчүн мамлекеттик/муниципалдык кызматта бир жылдык тажрыйба же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы болушу шарт.
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Сынакка катышууну каалагандар 31-январга чейин арыз бериши шарт.Документтер Бишкектин Исанов көчөсү 42, 305-кабинети дареги боюнча кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0 (312) 31-41-08.