Google компаниясына караштуу YouTube порталы Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарын жана аларга байланышы бар медиа каналдарды дүйнөлүк алкакта жапты. Бул тууралуу видео порталдын басма сөз кызматы 11-мартта билдирди.
«Биздин жамааттык эрежелерибиз мыкты документтештирилген зордук-зомбулук окуяларын четке каккан, аны төмөн баалаган же маанисин азайткан мазмунга тыюу салат жана биз Орусиянын Украинага басып кириши жөнүндө бул эрежени бузган контентти алып салабыз», — деп билдирди YouTube.
Бирок видео портал дүйнөлүк алкакта мындай негиз менен канча канал жабылганын, аларды кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берилерин же берилбей турганын тактаган жок.