14:51, 30 апреля 2024 Вт

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келүүнү, көк бөрү оюнун көрүүнү каалайт. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

«Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз», — деди Мендез.

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө: «Жакында Кыргызстанга барам», — деп жазды.

Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө 2018-жылдын январь айында атасы Абдулманап Нурмагомедов менен чогуу келип кеткен. Бишкекте өткөн жолугушуудан кийин ал Кыргыз эли менен Дагестан элинин окшоштугу — мырзалардын балбандыгында экендигин жана өзүнүн Кыргыз жеринде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

Источник: Марал ФМ

up