07:42, 3 мая 2024 Пт

Камчыбек Ташиев оор абалда

Саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиевдин абалы оор. Бул тууралуу анын уулу Тай-Мурас ырастаганын Ташиевге таандык делинген Регион каналынын журналисти Откурбек Рахманов маалымдады.

«Камчыбек Ташиев агабыздын ден-соолугунун абалынан кыжаалат болуп, тынымсыз сурап жаткан урматтуу мекендештер, азыр эле уулу Тай-Мурас Ташиев, Камчыбек Кыдыршаевичтин абалы оор экенин айтты. Кудай шыпаа берсин»,- деп жазды ал социалдык тармактагы жеке баракчасында.

 

up