Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 693 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 154 адам каза болсо, 9 миң 220 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 745;
Москва облусунда - 301;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 279;
Свердлов облусунда - 276 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 647 миң 849 адамдан коронавирус аныкталды. 9 миң 320 адам каза болсо, 412 миң 650 бейтап айыгып чыкты.