Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүнөт. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин министрлер кабинетинин резервдик фондунан Самат Курманкуловдун дарылануусу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнгөн.
Самат Курманкулов Москвадагы Николай Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан калыбына келтирүүчү борборго 12-сентябрда жеткирилген.