17:11, 29 март 2024 Жм

Венесуэла кайрадан жарыксыз калды

Венесуэлада кайрадан электр энергиясы өчтү. Борбор шаар Каракас электр энергиясыз калды. Мындан сырткары, өлкөнүн 23 штаты зыян тартты. Бул тууралуу «EL NATIONAL» жергиликтүү басылмасы жазды.

Маалыматтарга ылайык, Венесуэла тургундары нааразычылык билдирүүдө, ал эми бийлик кайрадан көтөрүлүш чыгарынан кооптонууда.

Электр энергиясы өчкөндөн улам метролор ишин токтоткон. Мобилдик байланышта да көйгөйлөр жаралган. Венесуэланын тургундары накталай акчалары жок, терминалдар иштебей жаткандыктан, тамак-аш да сатып ала албай жатканын социалдык тармактарга жазган.

Эске салсак, буга чейин 3 ирет электр энергиясы өчүп, Каракас шаарынын тургундары бир канча караңгылыкта калган болчу.

Кошумчалай кетсек, Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет. Эки тарап тынчтыкка келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзгөнү менен азырынча оң жыйынтык байкала элек.

up