14:13, 29 март 2024 Жм

Жапония жамгырдан улам 110 миң киши эвакуациялады

Жапониянын түштүк-батыш райондорунда болуп өткөн «Данас» тайфунунан жана катуу жаандан улам 14 авиакаттам токтотулуп, аталган райондун 110 миңден ашуун эли  эвакуацияланып, дагы 245 миң жашоочунун эвакуациялануусу керектиги айтылганын NHK телеканалы билдирди.

Атап айтканда,  Кюсю, Хонсю жана  Фукуока аралдарында Жапонияда кабыл алынган 5 даражадагы коркунучтун, 4-даражасы жарыяланып, эли эң кыска убакытта коопсуз аймактарга көчүрүлүшү керектиги боюнча маалымат берилген.

Узакка созулган катуу жаан-чачын жер көчкү жана суу ташкынын пайда болуу коркунучун жаратууда.

 

up