15:52, 29 март 2024 Жм

Голливуд актёру Кевин Спейсиге карата коюлган айып жокко чыгарылды

Голливуд актёру Кевин Спейсиге карата коюлган айып жокко чыгарылды — Today.kg

Голливуд актёру, сценаристи, режиссёру Кевин Спейсиге карата коюлган айып жокко чыгарылды. Ага 3 жыл мурда 18 жаштагы өспүрүмгө сексуалдык зомбулук көрсөткөн деген айып тагылган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, АКШдагы Массачусетс штатынын прокуратурасы актёрго коюлган айыптоолорду алып салды. Тагыраагы, мындан бир апта мурда жабырлануучу сүйлөшкөн кызына Кевин Спейси менен жолуккан билдирүүлөрүн, видеолорун жиберген телефонун жоготуп алганын айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле жабырлануучу буга чейинки көрсөтмөлөрүнө оңдоолорду киргизген. Ал эми актёрдун жактоочусу айыптап жаткан жаран видеолорду телефонунан өчүрүп коюшу толук мүмкүн экенин айткан.

Эгерде Кевин Спейсиге коюлган айыптоолор далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылмак.

2016-жылы актёрго Нантакет аралындагы ресторандардын биринде 18 жаштагы өспүрүмдүн жыныстык органын кармаган деген айып тагылган. Бирок Кевин Спейси күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Кевин Спейси тарабынан сексуалдык зомбулук болгон деп 30дан ашуун эркек кайрылып, бир эле иш сотко жеткен.

Актёр бул окуялардан кийин "Карточный домик" сериалындагы башкы каармандын ролунан кол жууган. Ошондой эле тасма жаратуучулар "Все деньги мира" тасмасында жараткан образын алып салышкан. "Эмми" сыйлыгынан ажыратылган.

Булак: Super Инфо

up