Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы Быстроток каналына 62 жаштагы аял агып кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга 1957-жылы туулган аял каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, саат 12:33тө маркумдун жансыз денесин каналдан алып чыгышты. Маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.