19:49, 25 апрель 2024 Бш

Ноокаттын акими бүтүрүүчүлөргө жана мугалимдерге бош конверт тапшырган

Социалдык тармактын колдонуучулары Ноокат районунун акими Давран Маматалиев Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө бош конверт тапшырганын жазып чыгышты. Аймактык кабарчы бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнүн иликтеди.

Ноокат районунан жалпы 15 окуучу ЖРТдан жогорку упай алышкан. Алардын жетөөсү «Ноокат» билимканасы лицейинин окуучулары болгон. Аталган лицейдин директору Самат Маматжан уулу окуучулары бош конверт алганын тастыктады.

«Конверттин ичине акимдин буйругу жазылган болчу. Сыйлыктарды тапшыруу белгиленген убакыттан эрте башталгандыктан акчасы кечигип калды окшойт деп туура эле түшүндүк. 3-4 күн мурда окуучулар акчаларын алып кетишсин деп кабарлашкан. Бүтүрүүчүлөрүм комментарий беришпейт», - деди Самат Маматжан уулу.

Бирок «Алтын сертификаттын» жана «Алтын тамга» сыйлыгын ээси Самара Акылбекова акчаны алып кетүү тууралуу кабар келе элек экенин билдирди.

«Мага “Алтын сертификат” үчүн 5000 сом, “Алтын тамга” үчүн 1000 сом сыйлыкка кол коюлган буйругу бар конверт тапшырышты. Акча келгенде кабарлайбыз дешкен, бирок акчаны ала элекпиз», - деди С.Акылбекова.

Ошондой эле сыйлоо аземинде окуучулардан тышкары «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты мектеби», «Жылдын мыкты бала бакчасы» кароо сынактарында жеңүүчү аталган мугалимдерге жана мектеп жамаатына сертификаттар тапшырылган.

Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев акчалай сыйлыктарга 85 миң сом бөлүнгөнүн билдирди.

«Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 3-июлундагы №157-б буйругунун негизинде резервдик фонддон 85 миң сом бөлүнгөн. Ага ылайык буйрукта көрсөтүлгөн окуучуларга жана мугалимдерге сыйлыктардын өлчөмү көрсөтүлгөн сертификаттар берилген. Бүгүнкү күндө сыйлыкка ээ болгон 10 адам сертификаттары менен кели, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын бухгалтериясынан акчалай сыйлыктарын алып кетишкен. Акча каражаты 4-июлда эле эсепке түшкөн. Калган сыйлык ээлерине өздөрү каалаган учурда сертификаты менен келип, акчаларын алып кете ала тургандыктары айтылган», - деди аким.

Буга чейин «Билим АКИpress» басылмасы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Давран Маматалиев 4-июлдагы коллегиялык жыйында 2018-2019-окуу жылында ийгиликтерге жетишкен мугалимдерге, мектеп жамааттарына жана окуучуларга сыйлыктарды тапшырганын жазган.

Маалыматка караганда, Ош облусунда «Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүсү болгон К.Каримов атындагы орто мектебинин физика мугалими Астрагүл Сыдыкова 10 миң сом акчалай сыйлык, сертификат жана ыраазычылык кат менен сыйланган.

«Жыл мугалими-2019», «Жылдын мыкты мектеби-2019» кароо-сынактарында Н.Исанов атындагы орто мектебинин жамааты Ош облусу боюнча 2-орунга ээ болгондугу үчүн 5000 сом, диплом жана грамота менен сыйланган.

«Жылдын мыкты бала бакчасы-2019» кароо-сынагынын облустук турунда 1-орунду алган «Балапан» бала бакчасынын жамааты 10 миң сом, сертификат жана грамота, 3-орунду алган «Алтын муун жеткинчек» бала бакчасынын жамааты 3 миң сом, сертификат, ардак грамота менен сыйланган.

Билим берүү жана илим министрлиги менен Коргоо министрлиги тарабынан окуучулар арасында аскерге чейинки даярдоо боюнча уюштурулган 7-республикалык спартакиадада 1-орунду алгандыгы үчүн Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Кожомберди Кубатов 5000 сом акчалай сыйлык жана ардак грамота алган.

Мындан сырткары, «Ноокат Билимканасы» лицейинин бүтүрүүчүсү Самара Акылбекова жалпы республикалык тестирлөөдө 225 упай топтоп, «алтын сертификатка» ээ болгондугу үчүн 5000 сом, сертификат жана диплом менен сыйланган. Ошондой эле 214 упай алып, президенттин кызыктыруучу сыйлыгына талапкер болгон А.Парпиев атындагы гимназиянын окуучусу Айзирек Момунова 3000 сом, сертификат жана диплом менен сыйланса, 200дөн жогорку упайларды топтогон 13 окуучуга дипломдор жана ар бирине 3000 сомдон акчалай сыйлыктар берилген.

Андан сырткары, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына татыган 5 бүтүрүүчү 1000 сомдон акчалай сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушкан.

2018-2019-окуу жылында Ноокат районунда 15 бүтүрүүчү 200дөн жогорку упайларды топтосо, 5 бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алышкан. 

Булак: Turmush

up