Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Ысык-Көл облусунун Тоң районуна иш сапары менен барды.
13-июлда өткөн жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты А.Дүйшалиев, райондун акими Д.Арпачиев жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Анда райондогу суунун тартыштыгына карата ирригациялык тармактар боюнча бир катар маселелер каралып, иш-чаралар иштелип чыкты.
Коңур-Өлөң айылындагы суткалык суу сактагычты кеңейтүү, Көл-Төр каналына лоток куруу, аларды дүйнөлүк банктын ирригациялык реабилитациялоо долбооруна киргизүү маселеси боюнча Республикалык суу чарба департаменти менен иш жүргүзүү тапшырылды.
Ак-Сай айылындагы Чокмор-Ата каналын куруу үчүн долбоордун сметалык документтерин даярдоого каражат табуу аким Д.Арпачиевге тапшырылды.
Ал эми Бар-Булак айылындагы күнөскананын, Тогуз-Булак айылындагы мал союучу цехтин курулушунун жүрүшүнө министрдин орун басары А.Исаев жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери күбө болушту. Мындан тышкары, министр Э.Чодуев жергиликтүү дыйкандар менен жолугуп, көйгөйлөрүн жеринде көрдү.