12:00, 16 апрель 2024 Шш

Некролог - Темирбаев Ашырбек Мойдунович

Некролог - Темирбаев Ашырбек Мойдунович — Today.kg

16-июлда 67 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Темирбаев Ашырбек Мойдунович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Темирбаев Ашырбек Мойдунович 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Эмгек жолун 1973-жылы Челябинск облусундагы Бакал шахта башкармасында өткөөлчүнүн жардамчысы, андан соң Кемеров облусундагы Дзержинский атындагы шахтада өткөөлчүнүн жардамчысы катары баштаган.

1975-жылы Фрунзе политехникалык институтун «тоо-кен инженери» адистиги боюнча аяктаган соң Темирбаев Ашырбек Мойдунович «Таш-Көмүр» шахта башкармасында иштеп баштап, өткөөлчүдөн кен мастери, участоктун начальнигинин орун басарына чейинки жолду басып өткөн.

Ашырбек Мойдунович 1980-жылы «Таш-Көмүр» шахта башкармасынын комсомол комитетинин катчысы болот.

Андан соң 1987-жылга чейин ал Таш-Көмүр шаардык комитетинде жана Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Ош облустук комитетинде ар түрдүү кызматтарда иштеген.

Тажрыйбасы жана уюштуруучулук мыкты сапаттары эске алынып, Темирбаев Ашырбек Мойдунович 1987-жылы Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине ишке өтүп, мында уюштуруу бөлүмүнүн инспектору жана экинчи катчынын жардамчысы кызматтарында иштеген.

1991-жылы Ашырбек Мойдунович Кыргызстан КПнын Таш-көмүр шаар коомунун биринчи катчысы, андан соң Таш-Көмүр шаар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

1991-1993-жылдары Ашырбек Мойдунович Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Төрагасынын жардамчысы болуп эмгектенген.

1993-2009-жылдар аралыгында Темирбаев Ашырбек Мойдунович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ар кыл кызматтарда иштеген.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары катары дайындалат.

Ушул мезгилден тартып Ашырбек Мойдуновичтин өмүрү жана эмгек жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен дээрлик үзгүлтүксүз байланышта болуп, мында ал ар кыл кызматтарды аркалап келди.

2009-2011-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлүнүн орун басары болгон.

2011-2012-жылдары — Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Иш башкаруучусу.

2012-жылдан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Ашырбек Мойдунович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп эмгек өтөдү.

Кыргыз Республикасына сиңирген эмгеги үчүн Темирбаев Ашырбек Мойдунович «Манас-1000» жана «Даңк» медалы менен сыйланган.

Темирбаев Ашырбек Мойдунович өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту жана үлгүлүү мамлекеттик кызматкер болгон. Ал ак жүрөктүгү, чынчылдыгы жана боорукердиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Анын адамдык сапаттары мамлекеттик кызматтарда ийгиликтүү иштөөнү шарттап, алдына коюлган милдеттерди ар-намыстуулук менен аткарып келген. Ал ишенимдүү дос, мыкты уюштургуч, үй-бүлөсүнө камкор инсан болгон.

Ашырбек Мойдуновичтин өмүр жолу жана кесипкөйлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин ортосунда узак мөөнөттүү жана конструктивдүү байланыштарды түзүүнү шарттады, анын аркасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгенген көптөгөн маанилүү жана кечиктирилгис мыйзам долбоорлорун өз убагында кабыл алуу мүмкүн болду.

Темирбаев Ашырбек Мойдуновичтин жаркын элеси биздин эсибизде жана жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, Г.Ү. Калиева, М. Д. Абылгазиев, А. А. Касымалиева, М. И. Бакиров, И. Ш. Омуркулов, Ж. К. Турускулов, А. Б. Баатырбеков, Б. Э. Торобаев, А. Т. Сулайманов, А. Н. Шыкмаматов, Д. А. Эсеналиев, К. С. Дыйканбаев, Т. Т. Стамалиева, Н. К. Шайлдабекова, У. А. Марипов, К. А. Боронов,  Ж. П. Разаков, А. С. Омурбекова, З. М. Аскаров, С. К Ибраев, С. А Кылжыев, Ч. А. Айдарбеков, К. А. Жунушалиев, М. Т. Джаманкулов, Б.&nbs p;Ж. Жеенбаева, С. Т. Муканбетов, Э. У. Чодуев, Ж. С. Бейшенов, Н. С. Мирзахмедов, Г. К. Кудайбердиева, К. С. Чолпонбаев, А. К. Жаманкулов, У. Т. Кочкоров, Э. Д. Тердикбаев, О. Н. Опумбаев, Э. К. Осмонбетов, Д. Д. Догоев, А. Э. Суракматов, К. У. Сатыбалдиев, Р. А. Асаналиев.

 

 

up