06:16, 24 апрель 2024 Шр

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды — Today.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда кол койгон жарлыкка ылайык Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кошумчалай кетсек, Олег Панкратов 2018-жылдан бери Экономика министри кызматтын аркалап, ушул жылдын 24-майында өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Ага чейин 2015-жылдан баштап 2017-жылга чейин вице-премьер-министр болуп иштеген.

up