05:49, 20 апрель 2024 Иш

Жалал-Абадда 3 өспүрүм милиция кызматкери тарабынан сабалганын айтып арыз жазды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы эс алуучу жайдан 3 өспүрүм милиция кызматкери тарабынан сабалганын айтып арыз жазды. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБи тастыктап буларды билдирди.

Маалыматка ылайык, жазылган арыз учурда Кара-Көл шаардык прокуратурасында каралууда. Алар ишти карап чыгып, андан соң юридикалык баа берет.

"Кара-Көл шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде 3 өспүрүм эс алып жүрүп, милиция кызматкери менен пикир келишпестик жаралган. Мындан улам кызматкер аларды уруп койгонун айтышууда. Алар ооруканага кайрылып, андан соң арыз жазышкан. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иши жүрүп жатат", - деди басма сөз кызматкери.

Булак: Super Инфо

up