21:06, 20 апрель 2024 Иш

Базар-Коргондо депутат менен мушташкан айыл өкмөт жумуштан кетти

Депутатка кол көтөргөн Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Теңирберди Жолдошев жумушунан четтетилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук соту 13-июлда Теңирберди Жолдошевди сотко чейинки өндүрүш иштери аяктаганга чейин жумуштан четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Ага ылайык район акиминин буйругу менен Жолдошев кызматынан убактылуу бошотулду.

Базар-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Элдияр Жуманазаров ден соолугуна зыян келтирип, иш бөлмөсүндө кол көтөргөн Жолдошевге каршы райондук прокуратурага кайрылган. Анда жетекчи аны иш бөлмөсүндө токмокко алып, ири суммадагы акча талап кылганы арызда көрсөтүлгөн. “Бийлигинен аша чабуу” беренеси менен козголгон ишти азыр райондук милиция териштирип жатат.

Тенирберди Жолдошев депутаттан акча талап кылбаганын жана кол көтөрбөгөнүн айтып келет. Аталган айыл өкмөттө 40 миңдей киши жашайт. Бир жылдык бюджети 60 миллион сомго жетет.

Булак: Azattyk

up