08:34, 29 март 2024 Жм

Бишкектеги «Таатан» базарында өрт чыкты

Бишкектеги «Таатан» базарынын аймагында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Өрткө каршы кызматынын 2 өрт өчүрүү унаасы жиберилген.

Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жеринен тартылган видео интернет айдыңына чыгарылды.

ӨКМдин алдын ала маалыматына караганда, таштанды күйгөн. Өрттүн келип чыгышы, келтирилген чыгым тууралуу так маалымат айтыла элек.

Булак: Марал ФМ

up