20:58, 28 март 2024 Бш

Ош шаарынын Шакиров көчөсү 4 айга жабылат

Ош шаарынын А.Шакиров көчөсү 4 айга убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда. А.Шакиров көчөсүнүн 2 км 400 метр жерине асфальт төшөлүп, жол 20 метрге чейин кеңейтилет. Эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат. Ошондой эле дарактар отургузулуп, көрктөңдүрүлөт жана жарыктандыруу системасы жакшыртылат.

Курулуш иштери 13-июлда башталган. 

up