13:56, 29 март 2024 Жм

Меккеге аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн түнү учат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек – Медина багыты боюнча учуп кетет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Аларды узатуу иш-чарасына муфтий  Максатбек Токтомушев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчилигинен, ажылыкты уюштуруу боюнча штабынан өкүлдөр катышат.

"Бишкек шаарынан учуп кетип жаткан 392 зыяратчыны 8 ажы башчы коштоп барат. Ажылыкка аттанган ар бир жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн беш саат эртерээк аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган.

Эскерте кетсек, Сауд Аравия Падышачылыгы 6010 квота бөлгөн.

Булак: Sputnik

up