05:00, 25 апрель 2024 Бш

Илмияновдун соту 31-июлга белгиленди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун иши сотто 31-июлда каралмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ага карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-июлда билдирген. Маалыматка караганда, Илмиянов алдамчылык менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деп айыпталып жатат.

10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча кылмыш жасаганы тууралуу маалымдалган.

“Шоопур” деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал учурда Бишкектеги УКМКнын тергөө абагында кармалууда. 

Буга чейин социалдык тармактарда Икрамжан Илмиянов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени боюнча айың тараган. Муну Асел Кодуранова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева кызыкчылыгы бар тараптардын чагымы катары баалады.

Илмиянов мамлекет башчынын кеңешчиси болуп 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин иштеген Ага чейин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орунбасары болгон.  

Булак: Azattyk

up