22:31, 24 апрель 2024 Шр

Кыргызстан Кимберли процессин сертификациялоо схемасына кошулду

Кыргыз Республикасы Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулду. Тийиштүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим баалуу таштарды Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы аймагына ташып кирүү жана ЕАЭБдин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө Жобону ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

«Мындан улам «Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө» мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулууга макулдугун билдирүү, муну менен бирге Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасын эске алуу менен тиркемеге ылайык иштетилбеген табигый алмаздарын өлкө аймагына ташып кирүү жана ташып чыгуу эрежелерин бекитүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат Өкмөттүн билдирүүсүндө.

Кимберли процесси – эл аралык өкмөттөр аралык демилге. Негизги максаты дүйнөлүк рынокко «кандуу» же «чырлуу» деп аталган алмаздардын – мыйзамсыз алынган, аларды сатуудан түшкөн каражаттар аймактык чатактарды жана эл аралык террористтик топторду каржылоого багытталган баалуу таштардын кирүүсүнө каршы күрөшүү болуп саналат.

Кимберли процесси эл аралык уюм болуп саналбайт, анын туруктуу кеңсеси же туруктуу кызматкерлери жок.

Кимберли процессинин алкагында алмаздарды сатууну жөнгө салган негизги документ – Кимберли процессинин Сертификациялоо схемасы. Анын максаты – мыйзамсыз алынган алмаздарды, анын ичинде куралдуу жаңжалдар аймактарында кадимки товар жүгүртүүгө аралашуусун четтетүү.

Кимберли процессине кошулган мамлекет өзүнүн улуттук шарттарына, каада-салттарына жана алмаз рыногундагы ордуна ылайык улуттук сертификациялоо схемаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.

up