13:51, 29 март 2024 Жм

6 унааны сүрүп кеткен айдоочу мас абалда болгон

Жүк ташуучу «Хово» унаасы менен 6 унааны жөөлөп-сүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу мас абалда болгону аныкталды.

Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын милициялары шектүүнү кармаган учурда дайын болду.

Милициядан кабарлагандай, жол кырсыгы кечээ кечки саат 22:00дөрдө катталган. Айдоочу оор жүк ташуучу унаа менен Эне-Сай конушунан Алматы көчөсүнө чыгып, жолундагы 6 унааны жөөлөп-сүрүп, анысы аз келгенсип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Чүйдүн милиция кызматкерлери аны ГЭС-5 районунан таап, кармашкан. Айдоочу мас абалда болгон.

Унаа айып аянтына коюлуп, айдоочу Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

up