17:46, 20 апрель 2024 Иш

Кыргызстандык үч каскадер "Мулан" тасмасына тартылууда

Кыргызстандык үч каскадер Мулан тасмасына тартылууда — Today.kg

Кыргызстандык үч каскадер Walt Disney Studios компаниясынын "Мулан" тасмасына тартылып жатышат.  Бул тууралуу Nomad Stunts тобунун негиздөөчүсү Жайдарбек Кунгужимов өзүнүн Facebook баракчасынан билдирген. Disney студиясы менен иштешүү анын көптөн бери эңсеп келген кыялы болгон. Кунгужимов буга чейин дагы белгилүү голливуд жылдыздары менен иштешкен.

Фильмдин сюжети эр жүрөк кытай кызы тууралуу. Ал оорулуу атасынын ордуна көчмөн гунндар менен кошо согушка аттанат. Мулан ал согушка катышуу үчүн  эркекче кийинип чыгат. Башкы ролго кытайлык актриса Лю Ифэй тартылган. Жол башчы Тунгдун ролун Донни Йен ойногон. Ал эми, 

Кытайдын императорунун ролун атактуу актёр Жет Ли ойногон. Тасма 2020-жылдын 27-мартында көрүүчүлөргө тартууланат.  

 

 

 

 

up