Москвада оппозиция өкүлдөрүн башкалаанын думасына талапкерлердин тизмесине киргизүүнү талап кылгандарды полиция күч менен таратканга аракет жасап, бир канча активистти кармап кетти.
"Азаттыктын" орус кызматы кабарлагандай, 14-июль күнкү акцияга чыккандарды кечки саат сегиздерде тартип сакчылары кармап кете баштады. "Дождь" телеканалы 22, "ОВД-Инфо" басылмасы 38 кишини полиция алып кеткенин маалымдады.
Пушкин аянтындагы митинг оппозиционер Алексей Навальныйдын демилгеси менен уюштурулганы кабарланган. Шаар бийлиги акцияга уруксат бербегендиктен иш-чара «шайлоочулар менен жолугушуу» форматында башталган.
Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары бир катар оппозициялык талапкерлер тапшырган документтерде "жараксыз колдор көп" деп тыянак чыгарышкан.
Орусиянын башкалаасынын думасына шайлоо 8-сентябрда өтөт.