07:28, 24 апрель 2024 Шр

Кымызда ондогон дарылык касиеттер бар

Кымызда ондогон дарылык касиеттер бар — Today.kg

Кыргызда дарт дабаасы- кымыз деп коет. Чынында эле биздин элдин улуттук суусундугунда ондогон дарылык касиеттер бар. Кымыздын курамында жеңил сиңүүчү белоктор, майлар, углеводдор, сүт кислотасы, туз минералдары болгондуктан тамак сиңирүүнү жакшыртып, кан тамырларды кеңейтип, ашказан бездеринин иштешине жакшы таасир берет. Ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алат.

Мына ушул тапта Кыргызстанда кымыздын маалы кайнап, жай ортосунда кымыз табына келет дешет. Улуттук суусундукту дүйнөгө таанытып, даңазалоо максатында ушул аптада Нарындын Кара-Кужур өрөөнүндө кымыз фестивалы өттү.

 

up