23:08, 18 апрель 2024 Бш

Ушул аптада балбан кызыбыз М.Жуманазарова алтын медаль тагынды

Ушул аптада балбан кызыбыз М.Жуманазарова алтын медаль тагынды — Today.kg

Кыргыз спорту жетишкен дагы бир чоң ийгиликтердин бири- ушул аптада балбан кызыбыз Мээрим Жуманазарова Таиландда жаштар арасында өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль утту. Спортчу 68 кг салмакта үч атаандашы менен күч сынашты. Жуманазарова финалда 8:6 эсеби менен атаандашын жеңип, Азиянын өспүрүмдөр арасындагы чемпиону аталды. Ал эми дагы бир спортчубуз Назира Марсбек кызы ушул эле мелдеште күмүш байгеге ээ болду.

Биздин спортчулардын акыркы кездеги жетишкендиктери кубандырбай койбойт. Женил атлет Дарья Маслова, мушкер Валентина Шевченко, футбол жана хоккей боюнча өлкөнүн курама командалары Кыргызстанды дүйнөлүк аренда даңазалап келе жатышат.

up