10:23, 25 апрель 2024 Бш

Чүйдө түрмөгө нашаа алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Чүй облусунун Петровка айылындагы түрмөгө 3 киллограммдан ашык нашаа алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, милиция сөз болуп жаткан кишини түрмөнүн жанынан кармаган. Текшерүү маалында анын жанынан жети ором нашаа табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

up