11:13, 20 апрель 2024 Иш

Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен Молдакун Абдылдаевдин уулунун жансыз денеси табылды

Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен Молдакун Абдылдаевдин уулунун жансыз денеси табылды — Today.kg

Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин уулунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маркумдун кызы Индира Абдылдаева билдирди.

Маркум Молдакун Абдылдаевдин жана айдоочусунун жансыз денеси 2-июлда, ал эми небересиники 4-июлда, жубайынын жансыз денеси 10-июлда табылган.

Молдакун Абдылдаев жана анын 8 жаштагы небереси 6-июлда жерге берилген. Жубайы менен уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июлда Кара-Жыгач айылында болот.

 

up