16:26, 28 март 2024 Бш

«РИА Новости»: Батыш Путин жөнүндө жалган маалымат даярдоодо

Орусиянын «РИА Новости» мамлекеттик маалымат агенттиги АКШ менен Британиянын атайын кызматтары «орус президенти Владимир Путиндин айланасындагы адамдар жана Коргоо министрлигинин жетекчилиги жөнүндө жалган маалыматтарды даярдап жатканын» жазып чыкты. Мындай маалыматты агенттик Орусиянын аскердик-дипломатиялык чөйрөдөгү ишенимдүү булагына таянып таратты.

«РИА Новостинин» божомолунда, Батыш жалган маалыматты Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүү максатында колдонууну каалап жатат.

Агенттик «Орусиянын жетекчилиги жөнүндө «фейк маалымат» Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөөчү борбор (OCCRP), «Азаттыктын» орус кызматы жана «Настоящее время» каналы аркылуу таратылат деп шектенүүдө. Бирок бул маалыматты ырастаган бир да далил келтирген жок.

2016-жылы Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батышта Путинге каршы буюртма маалыматтар даярдалып жатканын айтып чыккан. Андан көп өтпөй «Панама документтери» деп аталган иликтөөнүн жыйынтыгына таянып, Путиндин айланасындагы адамдардын коррупциялык аракеттери жөнүндө маалымат жарык көргөн. Ал учурда бул иликтөө даярдагандар Орусиянын расмий органдарына комментарий алыш үчүн кайрылышканын, ошондуктан бул иликтөөнүн алдын алыш үчүн орус бийлиги атайлап билдирүү таратканын айтышкан эле.

 

up