12:26, 29 март 2024 Жм

Айыл чарба тармагына 4, 5 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында быйыл июль айына чейин 9612 адамга 4 млрд. 599,2 млн. сом өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, берилген насыянын 2 миллиард 578 миллион сому мал чарбачылыкка, 1 миллиард 22 миллион сому дыйканчылыкка жана 998 миллион сом айыл чарбасындагы кызмат көрсөткөн ишканаларга берилген.

Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында 2011-жылдан бери жеңилдетилген насыя берилип келет. Анын алкагында жаз айларынан тартып дыйкандар менен фермерлерге 6 пайыздан 10 пайызга чейин насыя таратылат.

Жеңилдетилген насыяга каралган каражат чектелүү болгондуктан аны алууну каалагандарга жетпей калып, нааразылык жараткан учурлар болгон.

 

up